2024-жылдын 22-октябрында Тиранада шаарында (Албания) 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасында грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү.

«АК ИЛБИРС» спорт мектебинин окуучусу Разак Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмак ченинде мыкты спорттук чеберчилигин жана мүнөзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүп, алтын медаль тагынды.

Спортчу турнирдин бардык этаптарын ишенимдүү басып өттү. 1/16 финалда албаниялык балбан Д.Дажани менен беттешип, 10:1 эсебинде жеңишке жетти. 1/8 финалда азербайжандык балбан Ф.Халиловду жеңип, 4:1 эсебинде жеңишке жетти.

Чейрек финалда Бейшекеев япониялык балбан Х.Ябени 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, жарым финалда польшалык балбан А.Салимовду жеңип, финалга чыгууну камсыздаган.

Грузин балбаны Д.Чхиквадзе менен финалдык жолугушуу Разактын жеңиши менен аяктап, ага алтын медаль жана дүйнө чемпиону наамын алып келди.