Бүгүн, «Бишкек ЖЭБи» муниципалдык ишканасынын базасында мэрдин орун басары Талайбек Байгазиевдин төрагалыгы алдында ведомствого караштуу муниципалдык ишканалардын 9 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.
⠀
Жыйындын жүрүшүндө муниципалдык ишканалардын жетекчилери ишканалардын ишмердүүлүгү боюнча отчет берип, Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетика комплекси департаментинин жетекчилигине алдыдагы пландар тууралуу маалымат беришти.
⠀
«Ишканалардын кызматкерлери 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн бардык керектүү ресурстар жана материалдар менен камсыз болушу керек. Шаар тургундарынын энергетикалык жана жылуулук коопсуздугу үчүн ишканалардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышат», - деди Талайбек Байгазиев.
⠀
Ошондой эле коллегияда мэрдин орун басары бардык ишканалар жүргүзүлүп жаткан иштерде эффективдүүлүктү карманып, чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча тиешелүү иштерди улантып, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жаңы концептуалдык чечимдерди кабыл алышы керектигин белгиледи.
⠀
Коллегиянын жыйынтыгы менен протоколдук тапшырмалар түзүлдү.
⠀
Жалпысынан коллегияга “Бишкек ЖЭБи” муниципалдык ишканасынын, “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын, “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын “Бишкекжарык” ишканасынын, “Бишкек мончо” ишканаларынын жетекчилери катышты.