Бул иш-чаралар жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында тиешелүү кызматтардын катышуусунда ата-энелер үчүн уюштурулган.

Жолугушууга   Биринчи май районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова, КР ИИМдин Бишкек шаардык баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМБК) өкүлдөрү, Бишкек шаарынын кайгуул-күзөт кызматы, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы, Биринчи май РИИБ, Билим берүү башкармалыгы, Биринчи май райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы, ошондой эле   зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон балдарга жардам көрсөтүү борборунун өкүлдөрү катышты.

Талкуулоо учурунда  катышуучулар синтетикалык жана фармацевтикалык дары-дармектердин түрлөрү тууралуу маалымат алышты, ошондой эле, жол кыймылынын эрежелери жана жол кырсыктарына көп учураган электр самокаттарын иштөөсү талкууланды.

Райондун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова өспүрүмдөр арасында чыр-чатактар, мушташтар көбөйүп жатканына байланыштуу ата-энелерге кайрылып, балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүндү.

Ошондой эле Балдарга жардам берүү борбору тарабынан акысыз психологиялык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Бул жолугушуулар бекитилген график боюнча 17-октябрдан 29-октябрга чейин өткөрүлөт жана туруктуу болуп саналат.