Бишкек шаарында С. Джуманазаров атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиядалык резерв мектебинин аба мылтыктан жана аба тапанчадан аткан ок атуу боюнча биринчилиги болуп өттү.

Иш-чара С. Джуманазаров атындагы балдар-өспүрүмдөр олимпиядалык резерв мектебинин ок атуу бөлүмүнүн окуучуларынын арасында өттү, ага 30 тарбиялануучу катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери болуп төмөнкүлөр аныкталды:

•жигиттер арасында (аба мылтык – 40 ок атуу):
1-орун – Шапиро Назар;
2-орун – Ниязов Дамир;
3-орун – Джумагулов Тимур.
•кыздар арасында (аба мылтык – 40 ок атуу):
1-орун – Талантбекова Арууке;
2-орун – Бекташева Жибек;
3-орун – Абдыкеримова Томирис.
•жигиттер арасында (аба тапанча – 40 ок атуу):
1-орун – Ибраимов Анвар;
2-орун – Арнаймин Андрей;
3-орун – Нургалиев Шамиль.
•кыздар арасында (аба тапанча – 40 ок атуу):
1-орун – Ниязова Алима;
2-орун – Цыбик Полина;
3-орун – Орозакунова Альбина.