Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы белгиленбеген жерлерге таштандыларды үйүп салууга тыюу салынгандыгын эскертет.

Ага тиричилик, өнөр-жай жана медициналык калдыктар кирет. Аларды атайын максаттар үчүн пайдаланууга бөлүнгөн жерлерде гана койсо болот.

Бишкек шаарынын тазалыгын бузгандардын катарына төмөнкүлөр кирет:
- Калкагар 53 көчөсүндө курулуш таштандыларын сактаган Б.Ж.А. аттуу жаран, ошондой эле, санитардык нормалардын бузулушу аныкталган;
- Киев 67 дарегинде белгиленбеген жерге кутучаларды койгонИП А.Б.А. аттуу жаран;
- «Милена»ЖЧКсы санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн жана  таштандыларды белгиленбеген жерге үйүп салгандыгы үчүн эки айып пул салынган.

Эреже бузгандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1, 2-бөлүмдөрүнө ылайык протоколдор түзүлөт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин ар бир физикалык жана юридикалык жак сакташы керек.