Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, “Тил тагдыры – эл тагдыры” аталышындагы шаардык иш-чара өткөрдү.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын жыйын жайында өткөрүлүп, ишкананын меймандос эмгек жамааты катышуучуларды улуттук даамдар менен тосуп алышты.

“Тил тагдыры – эл тагдыры” аталышындагы шаардык иш-чара кароо-сынак түрүндө өткөрүлүп, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык  мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана мамлекеттик тил боюнча жооптуу адистери катышты.

Кароо-сынакка катышкан чыгармачыл топтор Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган дубал гезиттерди даярдашып, сынактын жобосуна ылайык  тандаган темалар боюнча сахналаштырылган чакан спектаклдерди көрсөтүштү жана ырларды көркөм айтышты.

Аталган иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, муниципалдык мекеме-ишканалар арасында чыгармачылык атаандаштыкты жаратуу жана кызматкерлерге чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүүгө шарт түзүү максатында өткөрүлдү.