Бишкек шаарында Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы штаттык режимде ишин улантууда.

Бүгүнтөн баштап батыш автобекети, анын ичинде "Акжол" кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш жүргүзүлдү.

Буга чейин батыш автобекети жана "Акжол" кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар "Бишкек автобекети"муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөйт.

Белгилей кетсек, "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасы эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.
Учурда, шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуш үчүн, батыш автобекетинен жана "Акжол" кичи автобекетинен "Бишкек автобекети"муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат.