Бишкек шаарында жолчулар Айни көчөсүндөгү тротуарды Ч.Айтматов проспектисинен Псков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү.

Узундугу 2,8 км (эки тарабы) тротуарда толугу менен эски асфальты алынып, бордюр, ирригация системасы орнотулду жана асфальт төшөлүп бүттү.

Ошондой эле, 2024-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, Айни көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки түштүк тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоо иштери да жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы буга чейин жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин башталган объектерди жыйынтыктоонун үстүндө жигердүү иш алып барууда.