«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы унаа ээлерине гана эмес, жөө жүргүнчүлөргө да ыңгайлуу шарттарды түзүүнү улантууда.
2024-жылга титулдук тизмеге ылайык, Биринчи май райондук администрациясынын аймагындагы Токтоналиев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки чыгыш тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Ахунбаев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн ортосуна асфальт төшөлгөн.
Өз кезегинде Жаманбаев жана Медеров көчөлөрүнүн бөлүгүн аба ырайынын ыңгайлуу шартында жуманын аягына чейин асфальттоо пландалууда.