Бишкек шаарында жолчулар жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин кыш мезгили башталганга чейин бүтүрүү үчүн жигердүү иш алып барышууда.
Ошондой эле, жолдун жаңы мүчүлүштүктөрү (чуңкур ж.б.) пайда болбошу үчүн адистер жаракаларды битум мастикасы менен толтурууга киришти.
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын жамааты Курманжан датка көчөсүн Салиева көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин чыгыш тарабында чуңкурларды жамоо иштерин баштады. Чүй проспектиси менен Жибек-Жолу проспектинин ортосундагы тилкени жамоо иштери пландалууда.
Белгилей кетсек, көчөнүн бул бөлүгү бүткөрүлгөндөн кийин Салиева көчөсү Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин чуңкурларды жамоо иштерин жүргүзүү пландалууда.