"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы көп жылдар бою жарыктандырылбаган Жайыл Баатыр көчөсүн Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жарык орнотууну аяктады.

Буга чейин бул тилке өзгөчө түнкүсүн айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу шарттарды түзүп, жарыктын жоктугунан жол кырсыктарынын көбөйүү коркунучу менен белгилүү болгон.

Жол негизделгенден бери биринчи жолу бул жерде 77 темир  мамы  орнотулуп, кубаттуулугу 200 Вт  болгон 154 даана чырак күйгүзүлдү. Ошондой эле 4000 метрден ашык кабель тартылган.

Эске салсак, Жайыл Баатыр жолунун узундугу Чортоков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин 2,8 км.