Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте Трудовая көчөсү, 4 дарегиндеги спорттук-эс алуу комплексинин курулушунун жүрүшүн текшерди.

Ошондой эле ал жеринде Ленин районунан келген Экинчи Элдик Курултайдын делегаттары менен жолугушуп, Бишкек мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу айтып берди.

Делегаттар жана райондун тургундары көйгөйлүү маселелерди айтып, шаар башчысы аларды тез арада чечүүнү тапшырды.

А.Джунушалиев ошондой эле Ак-Босого жаңы конушундагы бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Биринчи май районунан келген Экинчи Элдик Курултайдын делегаттары жана тургундар менен да жолугушуу өткөрдү.

Суроолор негизинен тротуарларды, балдар аянтчаларын, социалдык объектилерди куруу, кызыл китептерди чыгаруу, мыйзамсыз объектилер ж.б.у.с. болду.
Мэр өзгөчө шаардык кызматтардын жетекчилеринин көңүлүн көтөрүлгөн маселелерди тез арада жана жеринде чечүүгө бурду.

Өз кезегинде эки райондун тургундары Бишкек мэриясына жасалып жаткан иштер үчүн ыраазычылык билдиришти.

Маалымат үчүн: 1. Трудовая көчөсү, 4 дарегиндеги спорт комплексинин аймагында чуңкур казуу, пайдубалын жана таяныч дубалдарын орнотуу, жеңил конструкцияны орнотуу, ошондой эле тышкы инженердик тармактарды куруу иштери аяктады. Учурда сэндвич-панельдерди орнотуу жана аймакты жакшыртуу иштери жүрүп жатат.

2. Ак-Босого конушундагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабаттуу болот. Имараттын жалпы аянты 1413,01 чарчы метр, ал эми жер тилкесинин аянты 0,5714 гектарды түзөт.

Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен натыйжалуу пайдалануу жана көбүрөөк камтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругунун алкагында бала бакчага жылдырма керебеттер орнотулат, бул кошумча бош орун түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошентип бала бакчага болжолдуу 140 баланын ордуна 400гө жакын тарбиялануучу кабыл алынат.

Учурда ички жасалгалоо иштери бүткөрүлүп, эмеректер орнотулууда. Ошону менен бирге көрктөндүрүү жана балдар аянтчасын куруу иштери уланууда.