2024-жылдын 19-октябрында Ак-Ордо-3 жана Ала-Тоо-3 жаңы конуштарында көчөттөрдү отургузуу жана ишембилик боюнча экологиялык акция өткөрүлүп, анын жүрүшүндө аймактар таштандылардан тазаланган.

Көчөт отургузуу жана тазалоо иштерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү,   жаңы конуштун жашоочулары, ыктыярчылар катышты.

Бул акция жашылдандыруу менен токтоп калбастан, көчөттөрдү  туура отургузуу жана аларга кам көрүү жөнүндө да билүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Катышуучулар үчүн мастер-класс уюштурулуп, анда Арча демилгесинин жамааты практикалык кеңештер жана сунуштар менен бөлүшүштү.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар 400гө жакын көчөт отургузуп, райондун экологиялык абалын бир топ жакшыртып, жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк беришти.

Бул иш-чараны «Карылар үчүн ресурстук борбор» бейөкмөт уюму «Арча» демилгеси КФ  менен биргеликте «GFA Consulting Group GmbH» компаниясы ишке ашырды, ошондой эле  «Аракет – Кыргызстандагы жаңы имараттарда жашоону жакшыртуу  үчүн», Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттигинин (SDC) колдоосу менен Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.