Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы “Орто-Сай” базарынын түштүк тарабында уруксатсыз соодага карашы рейд өткөрдү.

Белгиленбеген жерде соода кылууну токтотуу боюнча соодагерлерге буга чейин эскертүү берилген.

Рейддин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 286-бөлүгүнө ылайык 7 протокол түзүлдү. Айып пулдун жалпы көлөмү 41 000 сомдон ашты.

Башаламан соодадан бошотулган аймакта санитардык талаптар сакталбагандыгы аныкталды. Тазалоо иштери “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.

Бошотулган аймакка жашыл бактар тигилет. Ал эми “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы бул тилкени жашылдандыруу иштерин баштады.