2024-жылдын 24-октябрында саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектелшет:
Анкара - Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрьс көчөсү.

«ХБО» суу алгычын  жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын  суранат.