Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда вокалисттердин, жеке элдик бийчилердин жана элдик аспаптардын аткаруучуларынын “Мен кыргызстандыкмын – мен бул менен сыймыктанам!” аттуу аймактар аралык балдар кароо-сынагы өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук каада-салт жөнүндө» Жарлыгын, «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Концепцияны ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле жөндөмдүү жана таланттуу жаш аткаруучуларды колдоо, балдардын чыгармачылыгы аркылуу кыргыз маданиятын жайылтуу алкагында өткөрүлдү.

Сынакка Бишкек шаарынын Свердлов районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары катышты.

7-11 жаштагы окуучулар арасында “Вокал” номинациясында өткөн сынактын жыйынтыгы менен:
- 2-орунду №114 орто мектептин окуучусу Зайнидирова Аяра ээледи.

«Вокал» номинациясында 12-14 жаштагы окуучулар арасында:
- 1-орунду №12 МГнын окуучусу Мазур София ээледи;
- 2-орунду №1 орто мектептин окуучусу Нурметов Шахриёр;
- 3-орунду №111 орто мектептин окуучусу Илязова Зехра ээледи.

«Вокал» номинациясында 15-17 жаштагы окуучулар:
- 1-орунду №67 ОТКМГнын окуучусу Бейшекеев Кадырлуу;
- 3-орунга №111 орто мектептин окуучусу Шаршенбекова Магира ээ болду.

12-14 жаштагы окуучулар арасында “Улуттук аспапта ойноо” номинациясында:
- 1-орунду №12 МГнын окуучусу Таалаев Темирлан;
- 3-орун №33 МГнын окуучусу Бекбоев Актанга тийди.