Спортко жана сергек жашоого үндөө максатында Бишкек шаарындагы №71 ЖББМИ базасында спорттук иш-чара өткөрүлдү.

Ошентип, Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Шамдагай жана тез” спартакиадасына катышты.

Мелдештин программасына спорттун төмөнкү түрлөрү камтылган: “Спринтер”, “Аркандан секирүү”, “Стрит бол”, “Мүшөк менен секирүү”, “Паровоз” жана “Аркан тартыш”.

Фестивалда мугалимдер бардык эстафеталарга жана кызыктуу мелдештерге активдүү катышып, өздөрүнүн күчүн, шамдагайлыгын, чыдамкайлыгын көрсөтүштү.

Эстафета жеңүүчүлөрүнө мектептерге спорттук инвентарларды сатып алууга сертификаттар тапшырылды.