Бишкек шаарында “Жеңиштин мураскерлери” жана “Жаш куткаруучу” райондук сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы өттү.

Биринчи май районунда №49-мектептин базасында райондун башчысынын орун басары, райондун ардагерлер кеңеши, билим берүү башкармалыгы, окуучулар жана мугалимдердин катышуусунда сыйлык тапшырылды.

“Жеңиштин мураскерлери” сынактын жыйынтыгы боюнча:

-“Мыкты музей” номинациясында биринчи орунду №49 мектебинин командасы, экинчи орунду №27 мектебинин командасы, үчүнчү орунду №6 мектебинин командасы алды;

-“Мыкты дубал гезити” номинациясында 1- орунду №18 мектебинин командасына, 2-орунду №49 мектебинин командасына, ал эми 3-орунду №54 мектебинин командасына ыйгарылды;

-“Мыкты команда” номинациясында биринчи орунду №54 мектеби, экинчи орунду — №6 мектеби, үчүнчү орунду №49 мектеби ээледи.

Ошондой эле “Жаш куткаруучу” сынагында биринчи орунду №29 гимназия командасы, экинчи орунду №54 мектеби жана үчүнчү орунду №1 интернат лицей командасы алды.

Бардык жеңүүчүлөргө райондук администрациянын Ардак грамоталары жана баалуу белектер тапшырылды.

Мындан тышкары, “Жаш куткаруучу” сынагына жигердүү катышкандыгы үчүн №18, №41, №75, №83, №99 жана №101 мектептердин командаларына ыраазычылык каттар тапшырылды.

Свердлов районунда «Жаш куткаруучулар» мелдешине 9 мектеп командасы катышты.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду №11 орто мектеп, 2-орунду №1 мектеп жана ардактуу 3-орунду №111 мектеп ээледи.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлүп, жаш муундарга адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктарды, мекенчилдикти жана эмгектик көндүмдөрдү үйрөтүүгө багытталган.