Бишкек шаарынын метеорологиялык болжолдоосун жана тышкы абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен, штаб калаада жылытуу мезгилин 2024-жылдын 22-октябрынан баштап баштоо чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койгон.

Объекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат.
- биринчи кезекте – ооруканалар, бала бакчалар, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери;
- экинчиден - турак жай имараттары, өнөр жай ишканалары жана мекемелер.