2024-жылдын 13-октябрында Алматы шаарынын четиндеги Талгар шаарында велоспорт боюнча эл аралык «ROAD RACE 2024» мелдеши өттү, анда велоспорт сүйүүчүлөрү жана ардагерлери катышты. 20 км аралыкта өткөрүлгөн жеке жарышка ар кайсы курак категорияларындагы 87 катышуучу чогулду.

Катышуучулардын арасында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин  «Жениш» Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин 11 тарбиялануучусу болду. Алардын ичинен үчөө коңшу өлкөдөгү мелдештерге алгачкы жолу катышты.

Кыргызстандык жаш спортчулар мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, төмөнкү категорияларда байгелүү орундарга ээ болушту:

Категория «15-17 жаштагы уландар»:
I орун – Артём Троицкий (Казакстан Республикасы)
II орун – Кирилл Сафронов (Кыргыз Республикасы)
III орун – Шахрух Маткаримов (Кыргыз Республикасы)
Категория «15-17 жаштагы кыздар»:
I орун – Алимина Чалова (Кыргыз Республикасы)
II орун – Софья Бабунова (Кыргыз Республикасы)
III орун – Даяна Карим (Казакстан Республикасы)

Бул жетишкендиктер АРБӨСМнин «Жеңиш» тарбиялануучуларынын ийгиликтүү даярдыгынын жана жеңишке болгон умтулуусунун кезектеги далили болуп саналат.