TERRA SPORT комплексинин аймагында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин С. Жуманазаров атындагы Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин окуучулары арасында «Ачык эшиктер күнүнө» арналган ачык окуу-машыгуу сабагы болуп өттү.

Таэквон-до ИТФ бөлүмүндө машыгып жаткан катышуучулар көрүүчүлөрдүн, анын ичинде ата-энелердин, машыктыруучулардын жана спорт коомчулугунун өкүлдөрүнүн алдында өздөрүнүн көндүмдөрүн жана техникаларын көрсөтүштү.

Иш-чаранын максаты жаштар арасында дени сак жашоо образын жайылтуу жана дене тарбиянын маанилүүлүгүнө көңүл буруу болуп саналат.

Иш-чараны  С. Жуманазаров атындагы АРБӨСМ уюштурду, ал Бишкек шаарынын балдары жана өспүрүмдөрү арасында таэквон-до жана башка спорт түрлөрүн активдүү өнүктүрүүдө.