2024-жылдын 9-14-октябрында Ларнака шаарында (Кипр) жаштар жана өспүрүмдөр арасында самбо боюнча дүйнөлүк чемпионат өттү. Дүйнөнүн эң мыкты спортчулары катышкан бул абройлуу турнирге «Ак Барс» спорт клубунун үч өкүлү катышты.
Кыргызстанга өзгөчө сыймык алып келген Аида Асанбекова, 59 кг салмак категориясында коло медалга ээ болду. Бул ийгилик биздин команда үчүн чоң жетишкендик болуп, «Ак Барс» клубунун спортчуларынын жогорку деңгээлде даярдыгын көрсөттү.
Самбо боюнча дүйнөлүк чемпионат Кыргызстандын дүйнөлүк спорт аренасындагы ордун бекемдеп, биздин жаш спортчулардын чоң потенциалы бар экенин дагы бир жолу далилдеди.