2024-жылдын 12-13-октябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментине караштуу Шахмат боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде Кыргыз тили күнүнө карата балдар жана кыздар арасында мелдеш өттү. «Кыргыз тили 2024» аталыштагы турнир 4- жана 3-категориялардын ээлеринен 1- жана 2-разряддагы катышуучуларга чейинки деңгээлдеги шахматчыларды чогултту.
Мелдеш департаменттин алдындагы балдар-өспүрүмдөр шахмат спорт мектебинин аракети менен жогорку деңгээлде уюштурулду. Турнирге 97 шахматчы катышып, алар өздөрүнүн чеберчилигин жана жеңишке болгон умтулуусун өз эне тилинин жана улуттук маданиятынын духун сактап, көрсөтүштү.
Бул турнир кыргыз тили күнүнө арналган иш-чаралардын катарында спорт аркылуу маданий салттарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.