2024-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында бадминтон боюнча эркектер жана аялдар арасында шаардык биринчилик жана чемпионат өттү. Мелдешти Кыргызстандын бадминтон жана сквош федерациясы Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти менен биргеликте уюштурган.

Турнирге 70тен ашык спортчу катышып, беш категорияда: жеке кыздар, эркектер арасында, кыз-келиндер жуптары, эркектер арасында жана аралаш жуптарда күч сынашты. Мелдештер сергек жашоого үндөө, бадминтонду жайылтуу жана Бишкек шаарынын курама командасын түзүү максатында өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын чемпионатынын жеке категориялар боюнча жеңүүчүлөрү:
Кыздар жеке категориясы:
1. Айсарова Ясмин
2. Петрова Татьяна
3. Темиралиева Айгүл
Эркектердин жеке категориясы:
1. Кубатбек уулу Адилет
2. Садыков Абдумалик
3. Ташматов Алмаз
Бишкек шаарынын чемпионатынын жеке  категориялар боюнча жеңүүчүлөрү (өспүрүмдөр):
Эркектердин жеке категориясы:
1. Рыспаев Данил
2. Дуйшенбиев Нурдан
3. Сагыналиев Ислам
Жалгыз аялдар категориясы:
1. Алмазбекова Акбермет
2. Мээримбекова Айназик
3. Турарова Талайгүл

Бардык жеңүүчүлөр медаль, грамота жана кубок менен сыйланышты. Жалпысынан 16 комплект медаль ойнотулду.