Борбор калаанын Биринчи май, Октябрь, Свердлов жана Ленин райондорунда Кыргыз Республикасынын Социалдык камсыздоо  жана профсоюз кызматкерлеринин  күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чаранын алкагында райондук администрациялардын  башчылары социалдык тармактын адистеринин ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, муктаж болгон жарандарды колдоодо алардын негизги ролун белгилешти.

Кызматкерлердин бул жаатта зарыл болгон кесипкөйлүк, чыдамкайлык, сезимталдык сыяктуу сапаттары баса белгиленет.

Иш-чараларда социалдык тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана шаар тургундарына жардам көрсөткөндүгү үчүн социалдык тармактын мыкты кызматкерлери Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Социалдык кызматкерлер оор турмуштук кырдаалга кабылган балдары бар үй-бүлөлөргө баа жеткис колдоо көрсөтүп, жалгыз бой пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жардам беришет, ошондой эле реинтеграция жана балдарды коргоо борборлору менен активдүү кызматташат.

19-октябрда Кыргыз Республикасынын Социалдык камсыздоо жана профсоюз кызматкерлеринин  күнү белгиленет.