2024-жылдын 19-октябрында  Бишкек шаарында Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган корей кимчи фестивалы өттү.

Кимчи жасоо өнөрүнө Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ким Квангдже, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, кимчи жасоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы статусуна ээ.

Кимчи фестивалы корей ашканасын тааныштыруу жана кимчи жасоо иш-чараларын уюштуруу үчүн маанилүү окуя болуп саналат.