2024-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Жуманазаров атындагы спорт мектебинин ок атуу бөлүмү үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөн залдын салтанаттуу ачылышы өттү.

Ачылыш учурунда шаар мэри жаңы имарат жана окуу шарттары менен таанышты.

Ок атуу залында борбор калаанын мэри А.Джунушалиев машыктыруучунун көрсөтмөсүн аткарып, биринчи ок чыгарды.  

Иш-чаранын соңунда спортчулар ок атуу боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикти жеке адамдар менен ижарага берүү келишимин бузуу жана ок атуу бөлүмүнүн залын реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүздү.

2022-жылдын ноябрь айынан тарта бул адистештирилген олимпиадалык резервдеги мектебинде ок атуу бөлүмү иштеп, анда 60тан ашык жаш спортчулар үч машыктыруучунун жетекчилиги астында машыгышат.

Бул аралыкта мектептин окуучулары олуттуу ийгиликтерге жетишти: Арууке Талантбекова эл аралык спорт чеберинин нормативин аткарып, эл аралык рейтингде 95-орундан 67-орунга көтөрүлдү, Кубанычбекова Каныкей Кыргыз Республикасынын спорт чеберинин нормативин аткарды.

Бишкек шаарынын мэриясы ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чеберлери Каныкей Кубанычбекова менен Арууке Талантбекованы жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, жаңы борбор шаардын спортун өнүктүрүүдө маанилүү этап болоруна ишенимин билдирет.