Урматтуу шаардыктар!

Автобустарда жүрүү үчүн карточка алып, накталай эмес 17 сомдон төлөмгө өткүлө.

20 сомдон накталай төлөгөн акчаңар автобазанын эсебине толук түшпөй жатат.

Эгер бул көрүнүш улана берсе 4-5 жылдан кийин азыркы жаңы автобустар дагы мурдакыдай автобустардын мүрзөсүнө айланат.

Себеби, запастык бөлүктөр өз убагында алынып келинип турбаса, оңдоо иштери өз убагында жүргүзүлбөйт. Баш аягы шаарды 1500 автобус тейлейт. Ушул автобустар сиздердин өзүңөрдүн эле акчаңарга сатылып келгенин унутпагыла.

Бул автобустар бери дегенде 15-20 жыл элге кызмат кылыш керек.

Ал эми «шаарга тез-тез келип тургандар кандай кылабыз? 40 сомдон төлөйбүзбү» дегендерге жооп:
Силер да карточка алып, мисалы карточкаңарга 100 сомдон баштап, 1000 сомго чейин салып койгула да келген сайын 17 сомдон төлөй бергиле. Ар бир колдонгон учурда гана 17 сомдон кемип турат. Шаарга келбесеңер, автобуста жүрбөсөңөр 1 жыл болсо да акчаңар сакталып тура берет.

Эч ким силердин акчаңарды жеп албайт. Качан гана автобуска түшсөңөр 17 сомдон кемип турат.

Ошондуктан эч кандай ойлонуштун же көйгөй жаратыштын кереги жок.