Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусованын төрагалыгы астында балдар иштери боюнча комиссиянын отуруму өттү.

Отурумга үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн, райондук билим берүү башкармалыгын адистери, Ленин райондук ИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы катышышты.

Отурумда жашы жете электердин кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, мектепке жайгаштыруу боюнча 55 материал каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жеке иш пландары бекитилди.

Жыл башынан бери комиссиянын 33 отуруму өткөрүлүп, 794 материал каралган.