Бүгүн, 2024-жылдын 18-октябрында “Таберик” балдар музыкалык театрынын концерттик залында Кыргыз Республикасынын Социалдык коргоо кызматкерлеринин жана профсоюздарынын күнүнө арналган майрамдык иш-чара  өттү.

Бул күн сайын калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүп, социалдык жактан коргоону, жардамга муктаж болгондорго камкордук жана көңүл бурууну көрсөткөн кызматкерлер үчүн маанилүү окуя.

Майрамдык салтанатка Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары В.А.Мозгачева катышып, кызматкерлерге социалдык тармакты өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Ошондой эле, кесиптик майрамы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору шаардык социалдык өнүктүрүү системасынын кызматкерлерин ыраазычылык каттарын тапшыруу менен куттуктады.

Иш-чаранын алкагында шаардагы эң мыкты социалдык өнүктүрүү мекемеси боюнча сынактын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
• Эң мыкты социалдык мекеме – 1-орун – “Акниет” турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар борборуна (150,0 миң сом өлчөмүндөгү сертификатты тапшыруу менен), 2-орун – “Коломто” муниципалдык мекемесине (50,0 миң сом) ыйгарылды.  
• Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү боюнча мыкты аймактык башкармалыгы – 1-орун Свердлов административдик округу боюнча башкармалыгына (150,0 миң сом) ыйгарылды.

Бишкек шаарынын социалдык өнүгүү тармагына  15 мекеме кирет, анын ичинде: 4 райондук социалдык коргоо бөлүмү, «Үмүт үйү» карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык стационардык мекемеси, «Ардагер» геронтологиялык борбору, «Коломто» муниципалдык мекемеси”  “Аяр” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын реабилитациялык борбору, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам берүү борборлору (“Акниет”, “Айданек”),  “Аялзат” үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтүү борбору,  социалдык жатакана, балдардын сут ашканасы.

Жалпысынан тутумда 666 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 84ү жалгыз бой пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга үйүндө жардам көрсөтүүчү, турмуштук оор кырдаалда турган балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүүчү социалдык кызматкерлер.

Бишкек шаарынын социалдык коргоо органдарынын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

• аз камсыз болгон адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу,
• социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу,
• даректүү социалдык колдоону күчөтүү.

Жыл сайын 72,0 миңден ашык шаар тургундарына даректүү социалдык жардам көрсөтүлөт. Социалдык өнүктүрүү органдары улгайган адамдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, үй-жайсыздардын жана зомбулукка кабылган аялдардын маселелери менен алектенген 22 бейөкмөт уюмдар менен активдүү кызматташат.