Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы жарандарга жана уюмдарга белгиленбеген жерлерге жарнама жарыяларын чаптоого тыюу салынгандыгын эскертет.

Жарнамага арналбаган тосмолорго, имараттардын дубалдарына,  аялдамаларга, жарык берүүчү таянычтарга жана бак-дарактарга маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштырууга тыюу салынат.

Мындай тартип бузуулар аныкталган учурда тартип бузуучуларга КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 3-беренесинин 107-бөлүгүнө ылайык айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 1 000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5 000 сом.

Бишкек шаарынын аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу  эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды сактоону өтүнөбүз.