Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы А.Бакаев көчөсүндөгү жашылча-жемиш саткан сатуучуларга карата масштабдуу иш жүргүздү.

Ар бир сатуучуга белгиленбеген жерлерде соода кылууну токтотуу жөнүндө билдирүүлөр берилди.

Сатуучулар Муниципалдык инспекция тарабынан берилген эскертүүлөргө көңүл буруп, А.Бакаев көчөсүн белгиленген мөөнөттө мыйзамсыз соодадан бошотушкан.

Эми "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасы  тарабынан А.Бакаев көчөсүн жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Ушундай эле иш инспекторлордун көзөмөлүндө турган Профсоюз көчөсүндө да өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, уруксатсыз соода санитардык абалды начарлатып, коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратып, көчөлөрдүн көркүн бузат.