Октябрь районунда "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы боюнча жыйын өттү.

Прокуратуранын, Октябрь райондук администрациясынын,  райондук ички иштер башкармалыгынын, КР УКМКнын Октябрь райондук башкы башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, МАБдын өкүлдөрү, Октябрь районунун мектептеринин жана бала бакчаларынын жетекчилери катышты.

Акимдин орун басары Ч.Д. Жаныкеева тамеки чегүүнү алдын алуу боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү зарылдыгын, жашы жете электердин электрондук тамекилерди, энергетикалык суусундуктарды, психоактивдүү заттарды, өспүрүмдөрдүн фармацевтикалык баңгичиликти колдонууларын алдын алуу, ошондой эле профилактикалык иш-чараларды бардык субъекттеринин: саламаттыкты сактоо, укук коргоо органдары, спорт, социалдык коргоо, МАБ, билим берүү органдары , активисттер, диний ишмерлер ж.б. күчөтүүнү белгиледи.

Жыйында Октябрь районунун жалпы билим берүү уюмдарында 2024-2025-окуу жылдарына коррупцияга каршы күрөшүү маселеси да талкууланды.

Бул маселе боюнча укук коргоо органдарынын өкүлү, ошондой эле билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.О.Байгулов сөз сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Президенттин жарлыгына ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мектептерде жана балдарда акча чогултууга тыюу салынганы дагы бир жолу белгиленди.

Жолугушууда жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо темасы да козголду.
Мектеп жана бала бакча жетекчилеринин шайлоо процессине кийлигишүүсүнө жол берилбестиги, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу менен мыйзам чегинде иштөөсү айтылды.