Свердлов районунда райондук штаб болуп өттү, анын максаты 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын  шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана округдан тышкары жайгашкан участкалык шайлоо комиссияларына (УШК) көмөк көрсөтүү.

Штабдын жыйынын Свердлов районунун акими алып барды. Жыйынга райондук штабдын мүчөлөрү, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө участокторду материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Ар бир шайлоо тилкесинде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Штабдын мүчөлөрүнө округдук шайлоо комиссиясына бекитилген шаардык кызматтар менен бирге шайлоо участкаларын тез арада жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процессине райондук муниципалдык кызматкерлердин кийлигишүүсүнө жол бербөө өзгөчө белгиленди.