Бишкек шаарынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Бейшеналиева көчөсү, 29/1 дарегиндеги 90 чарчы метр жерге уруксатсыз орнотулган гаражды демонтаждоо иштерин аяктады.  

Объект турак жайлардын жанында жайгашкан жана аны туруктуу жашаган жери жок адамдар узак убакыт бою пайдаланып келишкен.

Мындан тышкары, объекттин талаптагыдай эмес абалы аймактын таштандылар менен булганышына алып келген.