Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиевдин, райондун имам-хатиби, МАБнын жетекчилеринин, ошондой эле Свердлов катышуусунда аймакта жайгашкан «Дияр», «Фаризат», «Мансур», «Версаль» кафелеринин жана башка ири кафелердин, чайканалардын, банкеттик залдардын өкүлдөрү менен кезектеги жыйын өттү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө»  жана 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 "Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ысырапкорчулукту алдын алуу жана салтанаттуу үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, маркумдардын элесине арналган эскерүү иш-чараларын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө маселелер талкууланды. Ошондой эле анда каада-салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды катуу тартипке салуу, Кыргыз коомунун руханий-адеп-ахлактык маданиятынын калыптанышы жана турукташуусу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу көрсөтүлгөн.

Жыйындын жүрүшүндө кафе-ресторандардын өкүлдөрү КР Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга багытталган муниципалдык администрациянын иш-чараларын колдошту.

Жыйындын жыйынтыгында МАБнын жетекчилерине үй-бүлөлүк эскерүү жөрөлгөлөрүн жана маркумдун жаркын элесине арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.