Бишкек шаарынын аймагында жер участокторун мыйзамсыз  өз алдынча ээлеп алууларды токтотуу  боюнча туруктуу комиссиянын чечими менен 9-августта «Балбан Таймаш» конушундагы үч пайдубал түрттүрүлүп, курулуш материалдар чыгарылды.


Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчиктерди ээлеп алгандар жазык жана административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертет.