Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 2024-жылдын 16-октябрынан тартып Бишкектин 10 паркында балмуздак, суусундуктарды, кофе, попкорн, таттуу кебез жана балдар оюнчуктарын сатуу үчүн орундарды ижарага алууга арыздарды кабыл ала баштаарын маалымдайт.
Төмөнкү парктарда орундар берилет:
- Адинай паркы – 1-орун;
- Ата-Түрк паркы – 1-орун;
- Кайың багы – 4 орун;
- Жаңгак токою – 4 орун;
- Жукеев Пудовкин сквери – 3 орун;
- Кара - Жыгач токою – 5 орун;
- Боталиев паркы– 5 орун;
- Ч.Түлөбердиев паркы– 2 орун;
- Фучик паркы – 5 орун;
- Жаштар паркы– 12 орун;
- Кыргызстан Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы достук паркы – 2 орун.
Муниципалдык менчик боюнча комиссиянын 2024-жылдын 14-октябрындагы чечимине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланганга чейин келип түшкөн арыздар эсепке алынбайт.

Ошентип, ижарага арыздар саат 09.00дөн 18.00гө чейин Чокморов көчөсү, 246 дарегинде  кабыл алат.

Бардык суроолор жана толук маалымат боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0312979195 (ички 4222).