Муниципалдык инспекция борбордук Ала-Тоо аянтында тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча активдүү иштерди улантууда.
Өзгөчө тазалыкты, көрктөндүрүү эрежелерин сактоого жана башаламан соодадан алыс болууга көңүл бурулат.

Инспекторлор күн сайын шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат.
Жарандарга ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүү үчүн тазалыкты сактоонун маанилүүлүгү эскертилет.

Башаламан соода менен алектенген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлөт, бул аянттагы мыйзамсыз соода иши менен күрөшүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, инспекторлор патруль учурунда ата-эне, жакындарынан адашкан балдарга жардам көрсөтөт.

Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын меймандары! Шаардын аймагында тазалыкты жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону өтүнөбүз.