Биринчи май райондук муниципалдык администрациясында райондун башчысынын орун басары Айнура Арстамбекованын төрагалыгы астында жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун, райондук билим берүү башкармалыгынын, Бишкек ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекциянын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Күн тартибине ылайык төмөнкү маселелер каралды:
- 2024-жылдын 17-ноябрында боло турган шайлоо;
- окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу;
- билим берүү мекемелерин жакшыртуу.

Мындан тышкары, мектеп окуучуларынын арасында жол кырсыктарын болтурбоо маселеси талкууланып, билим берүү уюмдарынын жетекчилерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №520 «Окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруу жөнүндө» токтому менен тааныштырышты.

Жыйындын жүрүшүндө акимдин орун басары Айнура Арстамбекова Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин 6-пунктуна ылайык, билим берүү уюмдарында саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салынарын, билим берүү уюмдарында билим алуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин арасында саясий жана диний пропаганда жана үгүттөө жүргүзүүгө жол берилбестигин белгиледи.

Ошондой эле шайлоо участкаларын материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу, билим берүү мекемелеринин жанаша жайгашкан аймактарын көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүү, бекитилген графикке ылайык жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ата-энелер жамааты менен жолугушууларды уюштуруу, анын ичинде мектеп окуучуларынын арасында жол кырсыктарынын алдын алуу (окуучулар арасында такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ата-энелер менен биргеликте иш алып баруу)  ж.б. тапшырмалар берилди.