2024-жылдын 16-18-октябрь күндөрү Бишкек шаарынын мэриясы, “MoveGreen” коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу, Өнүктүрүү саясат институту жана «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн» өнөктөштүгү биргеликте Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулган Улуттук урбан форум өтөт.

Иш-чаранын максаты - активдүү жарандардын, алдыңкы эл аралык жана улуттук эксперттердин жана Кыргызстандын 33 шаарынын мэрлеринин ортосунда диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү.

Катышуучулар урбанизациянын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашат жана шаардык жана айылдык жамааттардын тез өсүп жаткан муктаждыктарын чечүү үчүн натыйжалуу чечимдерди издешет.

Форум шаарлар арасында өнөктөштүктү орнотуу жана жаңы шаардык өнүгүү стратегияларын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп калат. Форумга Кыргыз Республикасынын бардык шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү, Түркиянын 3 шаарынын өкүлдөрү, Монголиянын Улан-Батор шаарынын мэриясы, Россия шаарлар Союзу, «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Евразия аймактык бөлүмү, Казань шаары, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Бирлиги, Казакстандын Жергиликтүү коомчулуктар элдик конгрессинин төрагасы, Франция, Германия, АКШдан келген эксперттер, ООН Хабитаттын өкүлдөрү, Найроби, Кения, эл аралык аймактык өнүгүү жана чоң маалымат боюнча эксперттер, шаардык активисттер, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Форум – эксперттик жана коомдук форматтарды бириктирип - гибриддик форматта өтөт. Форумдун алкагында пландаштырылган эксперттик сессиялар мэриялар үчүн да, шаардыктар үчүн да чоң мааниге ээ. Сессиялардын жүрүшүндө глобалдык чакырыктардын жана туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстинде урбанизация процесстеринин улуттук өзгөчөлүктөрү жана милдеттери аныкталат. Ошондой эле, шаарды туруктуу өнүктүрүүнүн мыкты эл аралык тажрыйбалары талкууланат. Форум Кыргыз Республикасынын шаарларынын ортосундагы байланышты бекемдейт.
Кеңири коомдук программа глобалдык тенденциялардан урбанизациянын чакырыктарына чейинки темалардын жана форматтардын кеңири спектрин камсыз кылат. Форум форматы формалдуу эмес шартта тажрыйба алмашууга жана өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр:
Austausch e.V.; Эл аралык агенттик «Bread for the World»; Казакстандагы Гёте-Институту; Бишкектеги Француз Альянсы; Фридрих Эберт Фонду (FES); Peshcom Урбанистикалык демилге; Климат жана энергетика боюнча мэрлердин Глобалдык келишими (GCoM); БУУ-Хабитат; Урбан Хаб Бишкек Коомчулугу; Asia Resilient Cities; АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги USAID; GIZ, BMZ, ЕС жана Швейцария Өкмөтүнүн биргелешкен каржылоосу менен.

*
Медиа байланыштар:
Азат Мурадыл, “MoveGreen” бейөкмөт уюму – azat.muradyl@movegreen.kg ; +996555422442
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы – Бегимай Алмазова, +996707486162

Программа жана форум тууралуу кеңири маалымат сайтта: https://forum.urban.kg/