Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетикалык комплексинин шаардык кызматтары жылытуу мезгилинин башталышына даяр. Бүгүнкү күндө бардык муниципалдык ишканаларда жарандардын үйлөрүн жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылды.

Эскерте кетсек, мурда аба ырайынын божомолун эске алуу менен жылуулук берүү 22-күндөн баштап ишке киргизилиши каралган. Бирок Бишкек шаарынын мэриясынан тиешелүү буйрук келгенден кийин гана жылуулук бериле баштайт.

Салт боюнча, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин болжолдуу маалыматы боюнча жылытуу мезгилинин башталышы абанын орточо суткалык температурасы 5 күн катары менен +8 ℃ болгондо бериле баштайт.