Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү  «Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасынын  кызматкерлери үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү  боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” аталышта окуу семинарын өткөрдү.

Ошондой эле муниципалдык ишканалардын орус тилдүү кызматкерлери үчүн “Кыргыз тилин үйрөнөбүз”  3 айлык окуу курстары уланууда.

Бул окуу курстары «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» Конституциялык мыйзамын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.