Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиев менен Сеул институтунун профессору Вонхо Ким жетектеген Сеул институтунун делегациясынын, ошондой эле KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин жолугушуусу өттү.

“Бишкек шаарындагы көмүртектүү нейтралдуулук үчүн мобилдүүлүктүн акылдуу жана санариптик шаары” гранттык долбоорунун алкагында кызматташуу маселелери талкууланды.

Жамалбек Ырсалиев Корея Республикасынан каржылык колдоону тартуу менен Бишкек шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн KOICA Корей эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Ж.Ырсалиев Сеул институтунун Бишкек шаарынын транспорттук инфраструктурасы тармагында изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана борбордун көчөлөрүнүн биринде иш жүзүндө сунуштарды ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдиришти.