2024-жылдын 15-октябрына белгиленген ичүүчү сууну өчүрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Буга чейин  2024-жылдын 15-октябрында "Западный" суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу
саат 9:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда таза суу берүү токтотулары маалымдалган.
* Алыкулов көч. - Кустанай көч. - БЧК - Ала-Арча д.- Рыскулов көч. (Д. Сяопин пр.) – интергельпо – Темир жол линиясы.
* (Прогородное айылы)  Юбилейная көч. –  Горький көч. -  Садовая көч. (Прогородное айылы) - БЧК, ошондой эле «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер». 110 квартал,  Достук кичирайону.