2024-жылдын 15-октябрынан тарта борбор калаадагы муниципалдык менчиктеги фонтандар өчүрүлүп, кышка даярдалат.

Өчүрүлгөндөн кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары фонтандардын бассейндеринен сууну агызып, тазалоо иштерин башташат.

Анын ичинде Ала-Тоо аянтындагы фонтан топтору да өчүрүлөт. Кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында подряддык уюм бардык фонтан курулуштарын консервациялоону, анын ичинде сууну агызууну, системаларды тазалоону жана коргоочу конструкцияларды орнотууну жүргүзөт.

Бул чаралар жабдуулардын жана инфраструктуранын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле кийинки сезондо алардын үзгүлтүксүз иштешине багытталган.

Эске сала кетсек, Ала-Тоо аянтындагы фонтандар реконструкциядан кийин 2024-жылдын 21-сентябрында ачылган.

Ошондой эле бул аралыкта 100 миңге жакын жарандар жана борбор калаанын коноктору Ала-Тоо аянтына келишти. Саат 20.00дөн 23.00гө чейин келгендердин чоң агым байкалган.