Бишкек шаарында 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген Бишкек шаары боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө жана шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы боюнча жыйын өттү.

Бул иш-чарага   мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, КР УКМКнын өкүлдөрү, аймактык жана ведомстволук мекемелердин жетекчилери жана башка тиешелүү органдар катышты.

КР УКМК өкүлү катышуучулардын көңүлүн административдик ресурсту колдонууга жана мыйзам бузууларга жол берилбестигине бурду.

Ошондой эле добуштарды сатып алуу аракети боюнча ар бир факты текшерилип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлөрү өзгөчө белгиленет.

Мындай факты аныкталса укук коргоо органдарына кайрылуу керек.

Кеңешменин жыйынтыгында М.Байгончоков жетекчилердин алдына аймактык жана ведомстволук мекемелердин кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин директорлору арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдетин койду.