Октябрь районунда жашы жете электердин арасындагы укук бузууларды  алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү.

Күн тартибинде “2022-2025-жылдарга жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар планын” жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу маселелери каралды.

Жыйынга Октябрь райондук прокуратурасынын жетекчилери, УКМКнын Октябрь райондук  башкармалыгынын жана РИИБнин, билим берүү башкармалыгынын, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү, МАБ жана райондогу мектептердин жетекчилери катышты.


Жыйында балдарга карата үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, жашы жете электердин мектепке барбоо көйгөйлөрү, өспүрүмдөр арасында диний экстремизмге каршы күрөшүү жана баңгичиликтин алдын алуу боюнча ата-энелер чогулушун өткөрүү зарылчылыгы талкууланды.

Ошондой эле жашы жете электерге карата укук бузууларды карап чыгып, 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгардык.

Саламаттыкты сактоо, укук коргоо, социалдык коргоо, билим берүү жана башка органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча тапшырмалар айтылды.

Райондук профилактика системасынын тиешелүү кызматтарына үймө-үй кыдыруу жана рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталган социалдык кооптуу абалдагы балдардын көйгөйлөрүнө ыкчам чара көрүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле райондун мектептеринде окуучулардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ИДН инспекторлорунун ишин активдештирүү зарылдыгы белгиленди.