Жал-23 кичи районундагы №18 үйүнүн жанында 15 темир гараж тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган.

Аталган объектилерди демонтаждоо боюнча Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жана Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Учурда 15 объекттин баары алынды.

Башкармалык муниципалдык жерлерди бошотуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча активдүү иш алып барууда. Тургундардан мыйзамды сактап, муниципалдык жерлерге объекттерди орнотууга уруксат алуусун суранабыз.