10-октябрда Муниципалдык инспекция Ала-Тоо аянтында башаламан соодага каршы масштабдуу рейд өткөрдү. Буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабастан, соодагерлер эскертүүлөргө көңүл бурушкан эмес.
Рейд учурунда 7 соодагерге карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 21 000 сомго протоколдор түзүлгөн.
Товарларды сатуу менен жашы жете элек өспүрүмдөр да алектенип, алар менен участкалык инспекторлор иштешкен.
Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык соода санитардык жана өрткө каршы нормаларды сактоо менен атайын бөлүнгөн жерлерде, ошондой эле тиешелүү салык чегерүүлөрү менен жүргүзүлүшү керек.